ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө арналган бир нече иш-чараларды уюштурду.

1-декабрда саат 11:00до «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда гала -концерт жана ХVIII шаардык спартакиадасынын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында өткөрүлгөн көркөм-прикладдык искусство фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлөт. Көмөкчү мектептердин, коомдук уюмдардын жана борборлордун  бардык балдарына диплом жана белектер тапшырылат.

2-декабрда саат 11:00до  «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда гала -концерт жана ХVIII шаардык спартакиадасынын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор  арасында өткөрүлгөн көркөм-прикладдык искусство фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлөт. Спартакиада жана фестивалдын жеңүүчүлөрүнө диплом, грамота жана баалуу белектер, ошондой эле мэрдин атынан 5 миң сомдук материалдык жардамдар тапшырылат.

2-декабрда саат 11:00до мурдагы №156 бала бакчаны «Рука в руке» аут-балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси жана майып балдар үчүн «Оберег» реаблитациялык борборуна берүү салтанаты өткөрүлөт.

Мындан тышкары, калаанын бардык райондорунда иш-чаралар уюштурулат.


1-декабрда саат 14:00до Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында Биринчи май райондук администрациясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, жардамга муктаж жалгыз жашаган адамдардын катышуусунда иш-чара өткөрөт. Район башчысы Бишкек шаарындагы карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин  үй-интернатына барып, материалдык жардамдарды көрсөтөт.


2-декабрда саат 9:00до «Космопарк» соода борборунда Октябрь райондук администрациясы тарабынан  концерттик программа менен  майып балдарга майрамдык иш-чара өткөрүлүп, белектерди тапшыруу менен мультфильм көрсөтүлөт. Ошондой эле райондун аймагында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардамдар көрсөтүлөт.


Ленин жана Свердлов райондорунун администрациялары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген уюмдарга бир жолу материалдык жардам тапшырат.


Маалымат: учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын катоосунда 14,5 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам турат. Алардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы дайыма социалдык жардамдарды көрсөтүп келет.