ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык  көзөмөл борборунун маалыматы боюнча,  сасык тумоого байланыштуу  калаадагы 8 мектеп карантинге жабылды.

Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 34 мектеп текшерилген. №№ 6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61   мектептеринде 30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына  байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу бүгүндөн баштап дүйшөмбүгө чейин окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы бала бакча, мектептерде сасык тумоону алдын алуу иштерин күчөтүүдө. Мугалимдер тарабынан жеке гигиенаны сактоо боюнча класстык сааттар, «Сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясынын таралышы» боюнча сабактар өткөрүлүүдө.


Ошондой эле 2-декабрда калаанын жалпы билим берүү уюмдарында жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясын алдын алуу маселелери кароо боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу координациялык комитеттин жыйынын өткөрүү пландалууда.