ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери алты күндүк ишке өтүүдө

Жугуштуу оорулардын күч алышына жана медициналык тез жардам кызматына чалуулардын көбөйүшүнө байланыштуу  калаанын айрым медициналык мекемелери алты күндүк ишке өтүүдө.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин буйругу менен №1-19 ҮМБ директорлоруна кызматкерлерди алты күндүк ишке өтүү жана  жекшемби күндөрү саат 9:00дон 15:00го чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кезметтешүүсүн уюштуруу тапшырылды. Буйрук жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык мезгилдин аякташына чейин аткарылат.


Белгилей кетсек, медициналык тез жардам станциясына үч күндүн ичинде шаар тургундарынан  100дөн  ашык чалуулар келип түшкөн.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун даректери:

- №1 ҮМБ -  Ю.Фучик көчөсү  №15;

- №2 ҮМБ  - 3-я Линия көчөсү  № 25;

- №3 ҮМБ - Жибек-Жолу көчөсү № 495;

- №4 ҮМБ  - Ибраимов көчөсү  №181  ;

- №5 ҮМБ   - Көлбаев көчөсү  №42;

- №6 ҮМБ  -  Жукеева-Пудовкин көчөсү  №83;

- №7  ҮМБ  - Чүй проспектиси  №40;

- №9 ҮМБ  - Курманжан-Датка көчөсү  № 109А;

- №10 ҮМБ  - Бөкөнбаев көчөсү ,61

- №11 ҮМБ  Киев көчөсү,  154

- №12 ҮМБ  - Кривоносов көчөсү,206Б;

- №13 ҮМБ  - Токтогул көчөсү,250;

- №14 ҮМБ  - Наманганская көчөсү,28;

- №15 ҮМБ  - 6к/р. №1;

- №16 ҮМБ  - Панфилов көчөсү  №4;

-  №17 ҮМБ  - Чон-Арык а.  Семетей көчөсү №152;
 
- №18 ҮМБ  - Тыныстанов көчөсү №1;

- №19  ҮМБ  - 5к/р. №16/1.