ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин түштүк тарабынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкекте калаанын түштүк тарабынан чыккан өрт боюнча пресс-конференция өткөрүлдү.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар журналистерге чыккан өрт жана көрүлгөн чаралар боюнча айтып берип, суроолорго жооп беришти.
Өрткө каршы кызматынын төрагасынын орун басары Токтобек Омуровдун маалыматы боюнча, Токомбаев көчөсү 31/1 дарегинен чыккан өрт тууралуу маалымат «101» кызматына саат 8:40та түшкөн.


Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда “Церковь Южный ковчег” чиркөөсү өрттөнүп жаткан жана жанаша  жайгашкан “Рефал” жеке мектебин каптай баштаган.  Жыйынтыгында чиркөө толугу менен өрттөнүп, мектептин имараты жарым-жартылай өрттөнгөн. Жалпы аянты 1 миң чарчы метр аянт өрттөнгөн. Жабыркагандар болгон жок.


Жалпысынан 9 өрткө каршы бригада иштеп, 75 адам жана «Бишкексууканал» башкармалыгынын 2 атайын суу унаасы  тартылды.


«Бишкекбашкыархитектура» МИ билдирүүсү боюнча, 2001-жылы 0,12га имарат Томарев А.В. жаранына убактылуу ижарага берилген. 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 29-январындагы №79 токтомуна ылайык, спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин курууга жеке менчикке берилген. Долбоорду бекитүү  2003-жылы жүргүзүлгөн. Бирок долбоор «Жеңил конструкциялар менен спорттук –ден соолукту чыңдоо комплексин куруу» катары бекитилген эмес. Имараттын ээси  «Бишкекбашкыархитектура» МИ менен имаратты  алюкобонд сыяктуу  тез тутануучу материалдар менен каптоого макулдашкан эмес.


Имаратка жанаша «Церковь Ковчег Южный» чиркөөсү, «Рефал» жеке мектеби, ошондой эле 8 кабаттуу имарат жайгашкан.


Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков жана Бишкек шаарынын МӨКБ өрттү алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Имангазиев катышты.