ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ала-Арча” дарыясындагы кооптуу жерлерин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө

Өткөн дем алыш күндөрү шаардык кызматтар калаанын жолдорун кардан, муздан тазалоо, кулаган бактарды алуу жана “Ала-Арча” дарясынын кооптуу жерлерин көзөмөлдөө иштери жүргүзүштү.

“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, азыркы учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында “Ала-Арча” суусунун жээгин Жибек Жолу көчөсүнөн Батыш ЧЧК чейинки кооптуу бөлүгү дайыма көзөмөлдөнүп, мониторинг жүргүзүлүп турат. Мониторинг графикке ылайык, “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын суу-чарба кызматкерлери күнү-түнү кезметтешип, жүргүзүүдө.  Муну менен ишкананын кызматкерлери ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте дарыянын жээктерин тазалоо иштерин жүргүзүүдө.


“Тазалык” МИ кызматкерлери жер алдындагы өтмөктөрдү кардан тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Калаада бардыгы 11 жер алдындагы өтмөк бар. Ленин районунда – 5, Октябрь, Биринчи май, Свердлов, Октябрь  райондорунда 2ден өтмөк жана  15 кабат жолдор бар.


 “Бишкексвет” МИ кызматкерлери тышкы жарыктандырууларды текшерип, авариялык абалдарды аныкташты.


Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү даректерде зымдар үзүлгөндүгү  аныкталып четтетилди:


Серов, Ибраимов, Бейшеналиева – Чокморов, Чокморов-Үмөталиев, Жибек жолу – батыш автобекет, Фучик, Чүй-Турусбеков, Исанов – Иваницын, 10 –к/р., Байтик Баатыр – Кулатов, Кирпичный көчөлөрүндө. Мындан тышкары,  ишкананын кызматкерлери тышкы жарыктандырууларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.