ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда балдар эмгегин жоюу маселеси боюнча жолугушуу өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында «Борбордук Азияда балдар эмгегин жоюу» Эл аралык эмгек уюмунун долбоорунун алкагында Туркия жана Таджикистандын эксперттик топтору менен Свердлов районунун балдар менен иштөө комиссиясынын мүчөлөрү жана долбоордун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуулар 24-26-ноябрь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында, 1-декабрдан 3-декабрга чейин Таджикистанда өткөрүлөт.  Жолугушуулар  балдардын эмгеги боюнча  белгиленген эл аралык нормаларга ылайык,  тийиштүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жол-жобосун жакшыртуу максатында эксперттик баалоо форматында өткөрүлүүдө.

Тажрыйба алмашуунун алкагында аталган багыттагы өткөрүлгөн иштер тууралуу презентация көрсөтүлүп, «2017-2027-жж. Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча» комплекстүү планга сунуштар айтылды.