ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында армрестлинг боюнча мелдеш башталды

24-ноябрда Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында армрестлинг боюнча мелдеш башталды.

Мелдеш XVIII  спартакиаданын алкагында балдар жана эркектер арасында өтүүдө.


Спорттук мелдеш балдар арасында  –48, 50, 52, 55, 60, 65, 70, 80 кг чейин жана  80 кг жогору; эркектер арасында  60, 65, 70, 80, 90 кг чейин жана 90 кг  жогорку салмактык категорияда өтөт.


Мелдешке 12 уюмдан 200 дөн ашык спортчу катышат.


Иш-чара ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дене тарбия жана спорт менен машыктырууга үндөө максатында өтүп, 26-ноябрга чейин улантылат.


Аталган спорттук мелдешти Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда. Башкармалыктын башчысы Ырысбек Мааткабылов, тел: (кабылдамасы ) 44-29-51, 67-11-63.