Бишкекте жазуучу Фёдор Достоевскийдин мааракеси белгиленди
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын Борбордук китепканасынын балдар бөлүмү улуу орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин 195 жылдык мааракесин белгилешти.
Иш-чара балдарга улуу жазуучу Достоевский жөнүндө кененирээк маалымат жеткирүү, окурмандарды китепканага, китеп окууга тартуу максатында өттү.
Иш-чаранын катышуучуларына Достоевскийдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тасма көрсөтүлүп, №68 мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан даярдалган «Кедей адамдар», «Кылмыш жаза жаза» чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Аталган иш-чарага мектептин окуучулары жана окурмандар катышышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |