ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштөөнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын баш калкалоочу жайлар иштеп жатат.

Аба ырайынын кескин бузулушу менен күн сайын аталган жайларда 80 үй-жайсыз калган адамдар жашашат.


Биринчи Май районунда Жибек Жолу проспектиси, 413 дареги боюнча ар убак иштеген "Коломто" муниципалдык үйү 70 кишиге ылайыкталып, бир маал ысык тамак жана түнөк жай менен камсыздоо каралган. Байланыш номери: 30-48-55. Директор - Сманолиева Айгуль Дондоевна.


Ленин районунда Трудовая көчөсү, 10 дарегинде балалуу аялдар үчүн "Боорукердик борбору" иштеп келет. Байланыш номери: 64-48-71. Директор - Асаналиева Роза Казиевна.


Мындан тышкары, ноябрь айынан март айына чейин  калган эки райондо бир маал тамагы жана түнөгү менен убактылуу жайлар ачылды. Свердлов районунда Фере көчөсү, 34-а дарегинде, байланыш номери: 58-03-68. Ал эми Октябрь районунда 12 кичи районундагы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан.  Байланыш номери: 42-64-47.