ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекжарык» МИ үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүүдө

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, ишкананын кызматкерлери күйүп кеткен чырактарды, авариялык абалды аныктоо, тышкы жарыктандырууну текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бакин, К. Акиев/ Чүй, Тыныстанов/Бөкөнбаев, Ж. Гвардия / Бөкөнбаев, Эркиндик/Токтогул, Достоевский, Иваницына/ Гоголь, С. Батора/Юнусалиев жана башка көчөлөрдөгү зымдардын үзүлгөндүгү аныкталып, калыбына келтирилди. Берликский, Термечиков көчөлөрүндөгү электр зымдарын тартуу иштери жүргүзүлүп, Ибраимов көчөсүнүн Күрөңкеев көчөсүнөн Мичурин көчөсүнө чейинки, ошондой эле Эркиндик көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Күрөңкеев, Гагарин, Фрунзе көчөлөрүнө чейинки  чырактар алмаштырылды.


Аба-ырайынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу «Бишкекжарык» МИ кызматкерлери графикке ылайык текшерүү иштерин жүргүзүшөт.