ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын жолдорун кардан, муздан тазалоо иштерин жүргүзүштү

19-20-ноябрь күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды, аялдамаларды жана жолдорду кардан, муздан тазалоо иштерин өткөрүштү.

Тазалоо иштерине 21 кар тазалоочу унаа (18 МАЗ, 2 ЗиЛ), 4 грейфердик жүктөгүч, тротуарларды тазалоочу 5 трактор (Беларусь) жана 20 жумушчу тартылды. Ошондой эле калаанын жолдоруна 495 тонна кум, 37 тонна туз чачылды.


Чүй, Манас, Тынчтык, Абдрахманов, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Алма-Ата, Чолпон-Ата, Ибраимов, Тыныстанов, Панфилов, Эркиндик, Логвиненко, Исанов, Тоголок Молдо, Турусбеков, К. Акиев, Бейшеналиева, Фучик, Д.Сяопин, Алыкулов, Москва, Бөкөнбаев, , Т. Магистраль, Тыналиев, Гагарин, Горький, Киев, Фрунзе, Рыскулов, Ленинградская, Элебесов, К. Маркс, Донецкая, Ахунбаев, Анкара, Айни, Душанбинская, Малдыбаев, Медеров, Ауэзов, Көлбаев, Салиева, К. Датки, Сүйүмбаев, Л. Толстой, Үметалиев, Чапаев, Токтогул, Шербаков көчөлөрүнө кум чачылды.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.