ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» МИ жааган кардан улам кулаган 99 бакты тазалашты

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, жааган суу кардан улам куураган 99 бак жана 67 бутак кулаган.

Ишкананын кызматкерлери жашоочулардан түшкөн арыздын негизинде түнү бою кулаган бактардан арылуу иштерин жүргүзүштү. Шаар тургундарынан бардыгы 166 арыз келип түшкөн. 21 унаа жабыркаган. Москва көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишинде бир аялдын үстүнө бутак түшүп, шаар тургундары аны ооруканага жеткирип,  керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал үйүндө. Бишкек шаарынын мэриясы жабыркаган аялды ооруканага жеткирип,  жардам берген шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.  


Авариялык абалдагы бактардын кулоо фактыларын четтетүү үчүн 10 атайын унаа, 4 трактор жана «Жашылдандыруу курулуш» МИ 68 жумушчусу чыккан.


Урматтуу шаар тургундары! Аба–ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу унааларды бактардын алдына токтотпоону суранабыз. Туура эмес коюлган  унаалардын улам "Тазалык" жана "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын убагында  тазалай албай жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы авариялык абалдагы бактар тууралуу  билдирүүлөрдү так дарегин көрсөтүү менен   WhatsApp  колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.
.