ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» МИ кулаган бактарды алуу иштерин жүргүзүүдө

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, жааган кардан улам куураган бактардын бутактары  кулагандыгы боюнча фактылар катталды.

Муниципалдык ишкананын кызматкерлери төмөнкү даректерде кулаган бутактарды алуу иштерин жүргүзүштү:


-Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;


-Тыныстанов көчөсү боюнча Бөкөнбаев жана Линейная көчөлөрүнүн арасында;


-Лев Толстой – Манас көчөлөрүнүн кесилишинде;


-Бөкөнбаев-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде;


-Жаш Гвардия бульвары – Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;


-Абдрахманов көчөсүндө «Сейтек» борборунун маңдайындагы кулаган дарактар алынды.


Ишкананын жумушчулары кулаган бактардын бутактарын алуу иштерин улантууда.


Урматтуу шаар тургундары!


Унааларды бактардын алдына токтотпоону суранабыз. Туура эмес коюлган  унаалардын улам "Тазалык" жана "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын убагында  тазалай албай жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы авариялык абалдагы бактар тууралуу  билдирүүлөрдү  WhatsApp  колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.