ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

17-ноябрда таң эртеден баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды, жолдун жээктерин, аялдамаларды жана шаардын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Тазалоо иштерине 15 кар тазалоочу унаа (15 МАЗ КО-806 жана 2 ЗИЛ КДМ),4 трактор (Беларусь) чыкты.


Тротуарларды жана жолдорду тазалоо иштерине Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана 516 шаардын райондорунун короо шыпыргычтары тартылды.
Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;

Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.