ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысы «Ак-Босого» жаңы конушунун тургундары менен жолукту

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев «Ак-Босого» жаңы конушунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундарга  конуштун 1100 метр жолуна шагыл төгүлгөндүгү айтылды. Саадаев, Малика, Чүй 17көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу иштери жыйынтыкталууда. 19 суу жабдуулары оңдолуп, конуштарды көрктөндүрүүнүн алкагында 500 көчөт отургузулду. Аталган багыттагы иштер улантылууда.


Конуш тургундарынын эң көйгөйлүү маселелеринен бири болуп канализация куруу маселеси көтөрүлдү. Аталган маселе боюнча долбоор иштелип чыгып, шаарды өнүктүрүү агенттигине дем берүүчү грант алууга арыз берилгендиги маалымадалды.


Район башчысы тарабынан бир нече маанилүү көйгөйлөр каралып, тиешелүү райондук кызматтарга аткарууга тапшырма берилди.


Жолугушууга шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.