ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Биринчи май районунда укук бузууларды алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев Биринчи май РИИБ кызматкерлери менен укук бузууларды алдын алуудагы иштерди тездетүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында райондун аймагында, «Ала-тоо» аянтында жана райондун борбордук бөлүгүндө коомдун коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды. Бул жылы райондун аймагында ар түрдүү топтогу адамдардын, бейөкмөт уюмдарынын лидерлеринин, саясий партиялардын жана башка  коомдук түзүлүштөр тарабынан 147 мыйзамдуу жана мыйзамсыз иш-чаралар, анын ичинен ар түрдүү талаптар менен 47  митинг жана пикеттер өткөн. Район башчысы өткөн жылга салыштырмалуу быйыл ар түрдүү митингдердин, акциялардын саны азайгандыгын жана  райондогу коомдук-саясий абал туруктуу экендигин белгиледи.


Район башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экстремизм жана радикализм фактыларын алдын алуу маселелерине өзгөчө көнүл бурууга чакырды.


Жыйындын соңунда аким райондун ИИБ кызматкерлеринен райондогу укук тартипти бекемдөө жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча иштерди тездетүүнү талап кылды.