ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрияда жарандык коргоо органдары менен жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкийдин жетекчилиги алдында алдыдагы аба-ырайынын суукташына байланыштуу Жарандык коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйында ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кышка даярдыктары боюнча отчеттору угузулуп, атайы техникаларды жана керектүү каражаттарды даярдоо, ошондой эле коомдук транспорттордун кышка даярдыктары, суулардын жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү талкууланды.


Жыйындын соңунда Геннадий Милицкий ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгына жана райондук администрацияларга Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерин көзөмөлдөө жана Жарандык коргоо органдарынын комиссиясынын иштерин уюштуруу тапшырылды.