ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Дельфин» басейни шаар тургундары жана спортчулары үчүн ачык

Бүгүндөн баштап «Дельфин» кышкы сууга түшүү басейнинде адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектебинин спортчулары машыга башташты.

«Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби  шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансында турат жана 270 спортчу машыгат.


Басейндин эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык. Бассейинде 1 саат сүзүү 150 сом турат. Ал эми 12 жолу каттоочу абонемент акысы 1 жарым миң сомго барабар. Эртең мененки 6:00дөн кечки 22:00го чейин сууда сүзүүнү каалагандарды кабыл алат.   Сурап-билүү номери: 0700220707.


Маалымат: «Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби 1957-жылы ачылган.