ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ шаардын айланасын кыш мезгилине даярдоо иштерин улантууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  шаардын көчөлөрүн, шаардын айланасын жалбырактардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле таң эртеден баштап  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары жана МАБдардын короо шыпыргычтары  штаттык режимде иштешүүдѳ.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Жолбун ит-мышыктар менен күрөшүү бөлүмү шаардын аймагындагы жолбун жаныбарларды кармоо иштерин улантууда.

Арыздарды ишкананын диспетчердик кызматына 34-00-21 номуруна калтырсаңыздар болот.


Бишкек шаарынын мэриясы тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат жана арыздарды төмөнкү номерлерге калтырууга болот:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун шаарды сүйүүгө, көрктөндүрүү эрежелерин бузбоого жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгектерин сыйлоого чакырат.