ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо иштеринен кийин Тыныстанов көчөсү ачылды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Тыныстанов көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.

Аталган бөлүктө эки катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери түшүрүлдү. Учурда тротуарларды жана ирригация тутумдарын орнотуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын октябрь айында башталып, узундугу – 570 погондук метр, туурасы – 7,5 метр жол оңдолду.


Аталган иштер калаанын магистралдык жана борбордук көчөлөрүн автотранспорттук каражаттардан бошотуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.


Тизмеге ылайык, 2016-жылы калаанын 69 квартал аралык жана кичи  райондордун ички жолдору оңдолууда.