ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте салтка айланган азык-түлүктөрдүн жарманкеси өткөрүлдү

Өткөн дем алыш күндөрү,  2016-жылдын 12-13-ноябрында  калаанын төрт районунда  салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманкеде шаардыктар кышкыга азык-түлүк сатып алууларына, ал эми дыйкан чарба ээлери өз продукциясын сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Чүй облусунун бардык райондорунан ондогон  өндүрүүчүлөр ортомчуларсыз жер-жемиш, мөмө жемиштин түрлөрүн, бал, сүт жан эт азыктарын жарманкеде сатышты. Жарманке бүткөндөн кийин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.


Азык-түлүктөрдүн жарманкеси төмөнкү даректерде өткөрүлдү:


Ленин районунда  «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө;


Октябрь районунда Токомбаев көчөсүндөгү «Асанбай» базарында;


Свердлов районунда  Ауэзов- Салиева көчөлөр кесилишинде;


Биринчи май районунда Фрунзе көчөсү (түндүк тарабы) Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин.