СЭИ калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоону улантууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Осмонкул көчөсү, 194 дарегинде жайгашкан «VESTEL» ЖЧКсынын жана «Чыгыш-5» кичи районунун №32 үйүнүн жер төлө жайынын кызматкерлери тарабынан таштандылар башаламан ташталып, айланалары антисанитардык абалга жеткендиги жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «VESTEL» ЖЧКсынын директору Алтыншаин К жана төлө жайынын ээси Бакиров К. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |