ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте эркектер арасында бокс боюнча шаардык чемпионат өткөрүлдү

3-ноябрдан 6-ноябрга чейин дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде эркектер арасында бокс боюнча шаардык чемпионат өткөрүлдү.

Мелдеш Бишкек шаарынын курама командасына күчтүү спортчуларды тандоо максатында өттү.

Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана шаардык бокс федерациясы  тарабынан өткөрүлүп,  калаанын спорттук клубдарынан 80 спортчу катышты.

Чемпионаттын төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:

49 кг салмактык категориясында 1-орун  Амангелды уулу Камалга тапшырылды;
52 кг  салмактык категориясында 1-орунга Туркбай уулу Мирлан, 2-орунга Эсенбек уулу Акылбек жана 3-орунга Кашкулов Нурбек жана Искандар уулу Медербек ээ болушту;

56 кг салмактык категориясында 1-орунду Абдувахоб уулу Канатбек, 2-орунду Мойдунов Нурсултан жана 3-орунду Кенжебаев Ислам багындырды;

60 кг  салмактык категориясында 1-орунду Тургунбеков Эржан, 2-орунду Алимбеков Баяман жана 3-орунду Шароев Махмуд жана Иманказиев Дастан алды;

64 кг салмактык категориясында 1-орунга Камчибеков Бек, 2-орунга Дамирдин уулу Данияр, 3-орунга Жусупов Самат жана  Ильичбек уулу Бекжан ээ болду;

69 кг салмактык категориясында 1-орунду Муканбетов Ильяс, 2-орунду  Олжобай уулу Тилек, 3-орунду Айтбек уулу Таалай жана Ырысбеков Булут алды;

75 кг салмактык категориясында 1-орунду Шабданбаев Ыхтыяр, 2-орунду Марат уулу Адилет жана 3-орунду Марат уулу Адилет жана Акелбаев Эржан багындырды;

81 кг салмактык категориясында 1-орунга Токтосун уулу Бекболсун, 2-орунга Абдыкалыков Марат, 3-орунга Адилбек уулу Нурсултан жана Бактыбеков Мелис жеңишке ээ болушту;

91 кг салмактык категориясында 1-орун Кузалиев Жакшылыкка, 2-орун Орозбеков Даниярга, 3-орун Култаев Руслан жана Жумабаев Ырысбекке тапшырылды.

91+ кг салмактык категориясында 1-орунга Назаралиев Аман, 2-орунга Ткачев Максим, 3-орунга Аскаров Жакшылык жана Кубанычбек уулу Кудайберген ээ болушту.

«Мыкты боксер» номинациясында «Рослов клубунан» Муканбетов И., «Мыкты машыктыруучу» номинациясында  Рослов В.С.  жана «Мыкты сот» номинациясында Сыдыгалиев Алымкул  жеңишке ээ болушту.

Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты