ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кайрадан санитардык нормалар бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекция «Улан - 2» кичи районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан «Торговый Дом Аймак» ЖЧКсынын кызматкерлери тарабынан таштандылар ташталгандыгы жана өрттөлгөндүгү аныкталды.


Жыйынтыгында «Торговый Дом Аймак» ЖЧКсынын директору Жумабаева А.Т.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.