Газпром курган дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплекси шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп берилди
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Арча-Бешик» конушунда курулган дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплекси Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
Аталган комплекси «Газпром -балдарга» социалдык программасынын алкагында курулган. Комплекстин жалпы аянты 5 миң квадраттык метрди түзөт. Спорттук зал бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Жаңфы спорттук комплексте күн сайын 500дөн ашык адам машыга алышат.
Дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде волейбол, баскетбол, футбол, бокс, эркин күрөш, ошондой эле фитнес жана хореография спорттук түрлөрү ачылган. Аталган комплексте 8 жаштан 18 жашка чейинки балдар акысыз катыша алышат.
Ошондой эле спортчуларды даярдоо иштери дагы жүргүзүлөт.
Аталган комплекстин директору болуп Нурдин Кутманалиев дайындалды. Комплекси «Арча-Бешик» жаңы конушу, Ж.Баатыр – Садыбакасов көчөлөрүндө жайгашкан жана 8:00дон 22:00го чейин иштейт. Комплекске чейин № 202, 100, 147, 203, 176, 148 маршуттук каттамдары каттайт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |