ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Бишкек шаарынын жашыл фондун жакшыртуу» аталышта тегерек стол өткөрүлдү

Тегерек столдун жүрүшүндө зыянкечтер менен күрөшүү ыкмалары, чаралары талкууланды.

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Абдыкеримов куураган, авариялык абалдагы бактарды кыйуу жана көчөттөрдү отургузуу боюнча пландалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.


КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Биймырза Токторалиев «Бишкек шаарындагы фитопатологиялык абал, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» тууралуу доклады менен чыкты.


Ошондой тегерек столдун катышуучулары тарабынан «Жашылдандыруу курулуш» МИ 2016-2021-жж. Бишкек шаарындагы жашыл фондун өнүктүрүү концепциясын жана гүл бак, сейил бактарды өнүктүрүү талкууланды.


Тегерек столго Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко, биологиялык илимдердин кандидаты, эксперт-энтомолог Жакшылык Дуйшеналиев, райондук администрациялардын башчылары, Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев катышты.