ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте маданият кызматкерлери сыйланды

Кожомкул атындагы спорт сарайында КР Маданият жана искусства кызматкерлеринин кʏнʏнɵ арналган майрамдык иш-чара ɵткɵрʏлдʏ.
ϴзʏнʏн сɵзʏндɵ калаа башчысы Албек Ибраимов быйыл Тарых жана маданият жылы болуп жарыяланып, кɵптɵгɵн маданий иш-чаралар ɵткɵндʏгʏн белгилеп, маданият кызматкерлеринин маданиятка кошкон салымы ʏчʏн ыраазычылык билдирди.
 
«Сиздер– музейлердин жана китепканалардын, маданият ʏйлɵрʏнʏн, кɵркɵм жаматтардын кызматкерлери, жазуучу жана акын, артист, сʏрɵтчʏ баарыӊыздар маданияттын колдоочусуздар. Сиздерге чыӊ ден соолук, бакубат жашоо, жаӊы жеӊиштерди, ийгиликтерди каалайм! Ар дайым жʏзʏӊʏздɵрдɵн кʏлкʏ кетпей, коомго жагымдуу маанай, кубаныч  тартуулап жʏрɵ беришиӊиздерге тилектешмин»,-деди мэр.
 
 КР Маданият кызматкерлеринин кʏнʏнʏн урматына, ошондой эле ак ниет жана жемиштʏʏ эмгеги ʏчʏн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен тɵмɵнкʏлɵр сыйланышты:
 
- Осмонова Толгонай Керимбековна – Бишкек шаарынын мэриясынынын Маданият башкармалыгынын Ж.Шералиев атындагы балдар мектебинин кыргыз улуттук ʏйлɵмɵ аспаптар боюна мугалими;
 
- Ногоева Гүлзат Аалиевна – Бишкек шаарынын мэриясынынын Маданият башкармалыгынын  Борборлоштурулган китепканалар тармагынын №16 китепкананын жетекчиси; 
 
- Кыдырова Гулнара Кеңешовна – Бишкек шаарынын мэриясынынын Маданият башкармалыгынын  Борборлоштурулган китепканалар тармагынын №3 китепкананын башчысы; 
 
- Назарова Света Жумашовна – Бишкек шаарынын мэриясынынын Маданият башкармалыгынын  Борборлоштурулган китепканалар тармагынын №21 китепкананын башчысы;   
 
- Жайылов Марс Акматбекович – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын улуттук аспаптар оркестринин артисти;
 
- Кашкаев Орозобек Жолдошович – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын  «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблисинин кɵркɵм жетекчиси.
 
Иш-чарага Бишкек шаардык кеӊешинин тɵрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгʏл Рыскулова, райондордун акимдери катышты.