ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте милициялар күнү белгиленди

Бишкек шаарынын райондук администрациялары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – КР Милициялар күнү менен куттуктады.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков Свердлов райондук ИИБ жеке курамын жана жетекчилигин кесиптик майрамы менен куттуктады.


Бишкек шаарынын мэринин жана райондук администрациянын акиминин атынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамоталар, акчалай сылыктар тапшырылды.


Самарбек Болотбеков милиция кызматкерлеринин коомдун коопсуздугун коргоодогу  эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады. Ошондой эле милиция кызматкерлерин Свердлов сотунун төрагасы, райондун прокурору, МАБ башчысы жана башкалар куттуктады.


Мындан тышкары, Октябрь районунда Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Октябрь районунун башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин куттуктап, ак ниет жана жемиштүү эмгектери үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Октябрь райондук администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.