Өткөн дем алыш күндөрү Кара-жыгач токоюнда «Жаш баатыр - 2016» патриоттук фестивалы өткөрүлдү
Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда “Альфа Жаштык”, “Баатыр”, “Эдельвейс” аскер-патриоттук клубдары, “Альфа” жаштар биримдиги, андан тышкары КРнын десанттар биримдиги, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлер уюму, “Афганистан” ардагерлер биримдигинин катарында уюштурулду.
Иш-чарага калаа башчысы Албек Ибраимов катышып, жаштар жана өсүп келе жаткан муундар үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүп туруу керектигин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын максаты – патриоттуулукту ойготуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга жана спортко тартуу, Кыргызстандын элдеринин улуттар аралык достугун бекемдөө, экстремизм жана радикализм идеяларына каршы туруу.
Аталган иш-чарага жалпысынан 500дөн ашык адам катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |