ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу чаралары талкууланды

 Свердлов жана Октябрь райондорунун мектептеринде жашы жете элек өспүрүмдөр  арасында укук бузууларды алдын алуу чаралары талкууланды.

Октябрь районунун №62 окуу-тарбиялык комплексинде мектеп директорлорунун, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын жана жалпы билим берүү мектептеринин социалдык мугалимдеринин, укук коргоо органдарынын, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.


Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча  Бишкек шаарынын ИИББ коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы доклад окуду.

2016-жылдын 10 айында Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аткарган иштеринин отчеттору угузулду. Жыйындын соңунда өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдарды аныктоо иштерин жүргүзүү чечими чыгарылды.


Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында массалык мушташууга байланыштуу Свердлов райондук администрациясында жалпы билим берүү мектептеринин директорлорунун, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын жана укук коргоо органдарынын жолугушуусу өткөрүлдү.


Свердлов районунун башчысы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн эффективдүү ыкмаларын иштеп чыгууга, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчиликтерин жогорулатууга чакырды.


2016-жылдын 2-ноябрында жашы жете элек өспүпрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык Кеңештин жыйыны өткөрүлөт. Жыйында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, тарбия  завучтарынын жана МАБдардын аткарган иштеринин отчеттору угузулат.