ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда райондук Ардагерлер кеңешинин мааракеси өткөрүлдү

Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев Ардагерлер кеңешинин кызматкерлерин Эмгектин жана согуштун ардагерлеринин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Район башчысы Ардагерлер кеңешинин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу салымы баа жеткис экенин белгиледи.


Ленин районунун Ардагерлер кеңешинин кызматкерлери муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле ардагерлер үчүн “Тюбетейка” кафесинде майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду.


Мындан тышкары, чакырылган ардагерлерди Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Калысбек Жумабаев жана Шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев куттуктады.