ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК шаардыктардын арыздарын кабыл алуу үчүн Call-борбор иштей баштады

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК шаардыктардын  жылуулук маселелерине байланыштуу арыздары кабыл алуу үчүн Call-борбор иштей баштады.

Борбор күн сайын 7:30 дан 22:00 го чейин дем алышсыз иштейт. 2016-жылдын 14-октябрынан 24-октярына чейин Бишкек шаарынын тургундарынан 10 миң 795 чалуулар келип түшкөн.


«Бишкекжылуулуктармагы» ААК билдирүүсү боюнча, имараттын нормалдуу температурасы +18 0С түзөт. Диспетчерлер тарабынан үйлөргө жана социалдык объектилерге жылуулук берүү күнү-түнү жүргүзүлөт. Бул үчүн 2 ыкчам топ бар. Биринчиси – жылуулук түйүндөрүндөгү авариялык абалды четтетет, экинчиси-үй ичиндеги системаларды.


Шаарга жылуулук берүү учурунда авариялык абалдарды жеринде четтетүү үчүн «Бишкекжылуулуктармагы» ААК 40 аварияк тобу кезметтешип иштешти. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери жалпы билим берүү уюмдарына, бала бакчаларга жылуулук берүүнү жандырышты.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы жылуулук берүүгө байланыштуу бардык маселер боюнча төмөнкү номерлер аркылуу билдирүүгө чакырат:
«Бишкекжылуулуктармагы» ААК телефон номерлери:


- (0312) 61-11-69 – ишкананын call- борбору;


- 36-57-19, 30-07-67 – борбордук райондун кезметчи инженери;


-51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезметчи инженери;


- 56-85-58 – диспетчердик кызмат.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканассы:


- 49-00-86, 49-02-65 – диспетчердик кызмат;


 - 21-28-47 – абоненттик бөлүм.


Ошондой эле шаар тургундарынын кайрылуу жана арыздары  үчүн WhatsApp номерлери иштейт:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май  району) — 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 44-71-54.