ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жылуулук трассасындагы авариялык абалды четтетүүгө байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды

Октябрь райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, Жукеев-Пудовкин көчөсү Жантөшев көчөсүнөн Суванбердиев көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

№120 мектепке  чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук трассасында болгон авариялык абалды четтетүүгө байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди. Жакын арада авариялык абал четтетилет.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.