ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда «Ала-Арча» суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев «Ала-Арча» суусунун жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Биринчи май райондук администрациясы райондун ӨКМ бөлүмү менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин каражатына Республика көчөсү боюнча «Ала-Арча» суусунун жээгиндеги 700 метр бөлүгүндө тазалоо иштерин жүргүздү. Жалпы узундугу 100 погондук метр 150 габиондук торчо орнотуу менен суунун жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.


Жакын арада  Эл аралык медициналык жогорку мектеп жана «Биовит» ЖЧК сы тарабынан 350 габиондук торчо орнотулат. Учурда «Ала-Арча» суусунда жалпы узундугу 100 погондук метрди түзгөн 300 габиондук торчо бар.