ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Санкт-Петербургдун вице-губернатору Александр Говорунов менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында 24-октябрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун Санкт-Петербургдун вице-губернатору – Санкт –Петербург губернатордук администрациясынын жетекчиси Александр Говорунов менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу талкууланды. Вице-губернатор Албек Ибраимовду экономика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү үчүн Петербургдук эл аралык экономикалык форумга катышууга чакырды.


Кезегинде мэр Албек Ибраимов эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Жолугушууга Санкт-Петербург шаарынын мыйзам, укук коргоо жана коопсуздук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Леонид Богданов, Тышкы байланыш боюнча комитеттин РФ региондорундагы жана КМШ мамлекеттери башкаруу бөлүмүнүн башчысы Евгений Кассюра, «Ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү борборунун» директору Максим Подлесный, Бишкек шаарынын вице-мэрлери Эрнис Зарлыков, Бакытбек Дюшембиев, Эркин Исаков жана мэриянын аппаратынын бөлүм жетекчилери катышты.