Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына бир жуманын ичинде 279 арыз жана кайрылуу келип түштү
14-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 279 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы 82 кайрылуу.
Калааны жылуулук менен камсыз кылуу боюнча – 29, транспорт иштери – 13 жана башка кайрылуулар келип түшкөн.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.
Ошондой эле шаар тургундарынын кайрылуу жана арыздары үчүн WhatsApp номерлери иштейт:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;
Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |