ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин  кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Социалдык кызматкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктады.

«Урматтуу социалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Социалдык коргоо тармагында  ишине берилген, бооркер адамдар эмгектенишет. Сиздердин эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм»,- деди Айгүл Рыскулова.

Өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ак ниет эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чара ыр, бий жамааттарынын концерттик программасы менен жыйнтыкталды.