ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Москвада басмаканадан чыккан өрттөн каза болгондорго арналып бактар отургузулду

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын демилгеси жана колдоосу менен Москвада басмаканадан чыккан өрттөн каза болгондорго арнап Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилишине 18 дарак отургузду.

Мурда демилгечи топ Facebook социалдык тармагы аркылуу 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн каза болгондорго арналган аллея түзүүнү сунушташкан. Аталган демилге Кыргызстандын  жана чет өлкөдө жашаган миңдеген кыргызстандыктардын  колдоосун алган.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов аталган демилгени колдоп, шаардык кызматтарга жерди бөлүү жана бак-дарактарды отургузууга көмөктөшүүнү тапшырган.


Отургузулган 18 дарак өрттө каза тапкан 17 маркум кыздарга жана он сегизинчи көчөт жарык дүйнөгө келе элек жатып энесинин курсагында өтүп кеткен балага арналды.

Бак тигилүүчү жерди, көчөттөр менен камсыз кылууну жана аларды отургузуу иштерине кеткен чыгымды шаардык муниципалитет көтөрдү. Ал эми активисттер маркумдардын эскерүү иш-чарасына катышууга чакырылган жакындарынын жол киресин төлөп беришти.