ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин администрациясы социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев райондун социалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы – КР Социалдык жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Өзүнүн сөзүндө социалдык кызматкерлердин иши жооптуу, маанилүү, билим гана талап кылбастан жүрөк дагы талап кылган иш экендигин белгиледи.


Кесиптик майрамдын алкагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ленин райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.


Ошондой эле райондун социалдык кызматкерлерин Кыргызстан профсоюздар борбордук комитетинин төрагасы Эмил Казыев да куттуктап, Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.