ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов КР Кытай элчиси менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа мырза менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда Албек Ибраимов Бишкек жана Кытайдын үч шаары бир тууган шаарлардан экендигин жана эки өлкөнүн достук мамилесинин маанилүүлүгүн билдирди.

 

Ошондой эле калаа башчысы Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоодо көрсөткөн жардамы  үчүн  ыраазычылыгын билдирүү менен кызматташууну улантууга кызыктар экендигин белгиледи.