ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаадагы бардык объектилерге жылуулук берилди

Коммуналдык  кызматтардын  билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарындагы бардык социалдык объектилерге жана турак үйлөргө жылуулук берилди.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК маалыматы боюнча, 61% медициналык мекемелерге, 88% мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, 68% мектептерге, 93 % турак үйлөргө жана 35 % ведомстволук турак үйлөргө жылуулук берилди.


«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, 100% медициналык мекемелер, 100 %  бала бакча, 100% мектептер, 99 % турак үйлөр жана 75 % ЖОЖдорго жылуулук менен камсыз болду.


«Жылуулукэнергоремонт» күйгүзүү иштерин толугу менен жүргүздү.


«Бишкек ЭЭА» тарабынан 100% турак үйлөргө жылуулук берилди.


 Учурда калган керектөөчүлөргө жылуулук берүү  иштери жүргүзүлүүдө. Авариялык бригадалар күнү-түнү оңдоо иштерин өткөрүүдө.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы жылуулукка тиешелүү болгон суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылууңуздарды  суранат:

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК телефон номерлери:


- (0312) 61-11-69 – кардарларды колдоо борбору;


- 36-57-19, 30-07-67 – борбордук райондун кезметчи инженери;


-51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезметчи инженери;


- 56-85-58 – диспетчердик кызмат.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканассы:


- 49-00-86, 49-02-65 – диспетчердик кызмат;


 - 21-28-47 – абоненттик бөлүм.


Ошондой эле шаар тургундарынын кайрылуу жана арыздары  үчүн WhatsApp номерлери иштейт:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май  району) — 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 44-71-54.