Свердлов райондук администрациясы райондун 1200 аз камсыздалган үйбүлөсүн бекер көмүр менен камсыздайт
- Подробности
- Опубликовано 17.10.2016 15:24
Свердлов райондук администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте аз камсыздалган үйбүлөлөргө бекер отун жана көмүр таратат.
Бул жылы райондун аймагында жашаган 1200 аз камсыздалган үйбүлөгө бир жарым тоннадан көмүр тартуу пландалууда.
Белгилей кетсек, үстүб үздөгү жылдын ортолорунда Мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында көмүр сатып алууга конкурс жарыяланган. Конкурстук комиссиянын чечими менен «Бишкек көмүр соода үйү» компаниясы жеңишке ээ болду.
Райондун аймагында жашаган 45 төшөктө жаткан майыпка көмүр жеткирилип берилди. Жакынкы күндөрү дагы 15 үйбүлөгө жеткирилет. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жана туруктуу үй-жайсыз адамдардын борборуна көмүр берилди. 100 дөй үйбүлөгө бекер отун таратылат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |