Өткөн дем алыш күндөрү салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү
Бишкекте 15 жана 16-октябрда салтка айланган айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.
Жарманкеде шаардыктар кышкыга азык-түлүк сатып алууларына, ал эми дыйкан чарба ээлери өз продукциясын сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Чүй облусунун бардык райондорунан ондогон өндүрүүчүлөр ортомчуларсыз жер-жемиш, мөмө жемиштин түрлөрүн, бал, сүт жан эт азыктарын жарманкеде сатышты.
Азык-түлүктөрдүн жарманкеси төмөнкү даректерде өткөрүлдү:
Ленин районунда «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө;
Октябрь районунда Токомбаев көчөсүндөгү «Асанбай» базарында;
Свердлов районунда Ауэзов- Салиева көчөлөр кесилишинде;
Биринчи май районунун тургундары үчүн Свердлов райондук администрациясы Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен азык-түлүк жарманкесин өткөрүүгө жер берди.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жарманкеде таза азык-түлүктөрүн сатып алууга жана кышка даярдыктарды көрүүгө чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |