ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кышка даярданууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 2016-2017 –жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, ишкананын борбордук базасында инерттик материалдардын калдыктары 2 100 тонна кум жана 279 тонна тузду түзөт. Кыш мезгилине 8000 тонна кум жана 530 тонна туз керектелет.


Учурда  базага дагы 111 тонна техникалык туз алынып келинди, ташып келүү уланууда. Жакынкы арада базага кумдун керектүү көлөмү жеткирилет. Азыркы учурда  аккумулятор, унаа дөңгөлөктөр, соколор үчүн техникалык пластилин, щетка үчүн монолит, инвентарь жана аспаптарды алууга билдирме берилип, техникаларды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.


Бишкектин көчөлөрүндөгү карды тазалоо үчүн  ишканада 37 атайын техника бар. Күз-кыш мезгилиндеги  тазалоо иши 1-ноябрдан 1-мартка чейин жүргүзүлөт. Эгерде аба ырайы кескин өзгөрүп кеткен жагдайларда тазалоо иштеринин мөөнөттөрү  каралып чыгат.