ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы аз камсыздалган үйбүлөлөргө отун жана көмүр таратат

Бишкек шаарынын мэриясы аз камсыздалган үйбүлөлөргө бекер отун жана көмүр тарата баштады.

4 миң 393 үйбүлө жеңилдетилген отун менен камсыздалып, бир жарым тоннадан көмүр алышат.


Ленин районунда 1525, Октябрь районунда 500, Биринчи май районунда 1168 жана Свердлов районунда 1200 үйбүлө бекер көмүр менен камсыз болот. Көмүрдүн сапаты Бишкек шаардык ЖЭБинин химиялык лабораториясынан экспертизадан өткөн.


Учурда бекер көмүр Свердлов районундагы 25  төшөктө жаткан майыпка жана аз камсыздалган пенсионерлердин үйлөрүнө жеткирилип берилди. Ленин райондук администрациясы тарабынан жалгыз жашаган пенсионер, майып, үйдө дарыланып жаткан 70 үй-бүлөгө отун жеткирүүгө кошумча каражат каралган. Жеткирүү жогорудагы айтылган жарандарды көмүр менен толук камсыздоого чейин улана берет. Көмүрлөрдү толугу менен таратылып бүткөнгө чейин күн сайын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери кезметтешет.


Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосунда  турган аз камсыздалган үйбүлөлөрдү колдоо максатында 332 үй-бүлө “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан отун алышат. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 куб көлөмүндө отун берүү каралган, ушул максатта ишкана тарабынан 498 куб отун бөлүнгөн. Отун Биринчи май, Свердлов жана Ленин райондорундагы 94 төн үй-бүлөгө, ал эми Октябрь районундагы  50 үй-бүлөгө бөлүнөт. Бүгүнкү күндө 172 үйбүлөгө отун берилди.