ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Бак-дарактарда коноктобуз» майрамы өткөрүлдү

Ботаникалык бакта  «Бак-дарактарда коноктобуз» майрамы өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Инициатива Арча» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.


 Аталаган дендрарий-коруктун аймагында билим берүү экскурсиясы,  өсүмдүктөр дүйнөсү менен жакындан таанышуу өткөрүлүп, шаар тургундары кызыккан суроолоруна адистерден жооп алышты. Чоңдор жана балдар билим берүүчү жана көркөм программаларга катышып, ботаникалык бакта өскөн чөптөрдөн атайын чай демдөөнүн жолдорун үйрөнүштү.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Ботбакчанын жаралышы долбоорунун жетекчиси Эмил Шукуров, Ботаникалык бактын жетекчилиги, КР Илимдер академиясынын өкүлдөрү, экологиялык коомдун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлдөрү катышты.


Шаар тургундары үчүн  өсүмдүктөр жана башка көргөзмөлөр көрсөтүлдү.