ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардын кышка даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардагы буу казандарды от жагуу мезгилине даярдыктарын текшерди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүндө “Ботсад”, “Факел” жана “Бишкекжылуулукэнерго” КИ буу казандарынын иштери тааныштырылды.


Калаа башчысы Албек Ибраимовдун айтуусу боюнча, күз-кыш мезгилине шаар толугу менен даяр. Быйыл от жагуу мезгили “Бишкек шаарында от жагуу мезгилинин башталышы жана аякташы жөнүндө” буйругуна ылайык, тышкы абанын температурасы 5 күн катары менен +8˚С төмөн болгон учурда от жагуу мезгили башталып, абанын орточо температурасы 5 күн катары менен  +8˚С жогору болгон учурда от жагуу мезгили аяктайт.


Бишкек шаарындагы үйлөргө жана мекемелерге жылуулук энергиясын жана ысык суу берүү иштерин “Бишкекжылуулукэнерго”, “Бишкекжылуулуктармагы” коммуналдык ишканалары жана Бишкек шаарынын  ЖЭБ жүргүзүп келет. Аталган ишканалар шаардын керектөөчүлөрүн жылуулук жабдуу менен ишенимдүү камсыздайт.


 “Бишкекжылуулуктармагы” ААК Бишкек шаарынын ЖЭБинен ысык суу жана буу түрүндө жылуулук энергияны сатып алууну камсыздайт жана буу жана ысык суу түрүндө жылуулукэнергиясын бөлүштүрөт. Ишкана 16 насостук станцияны, 426 жылуулук түйүнүн камсыздап, 80 000ден ашык керектөөчүнү түзөт.


 “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында 60 буу казаны, анын ичинде газ менен иштеген - 24, катуу отун менен иштеген – 22, электр энергиясы менен  – 11 жана 3  бириктирилген буу казаны бар. Жылуулук түйүндөрүнүн узундугу 139,884 км, анын ичинде 119,393 км жер алдындагы төшөмөлөр жана 20,491 км жер үстүндө. Ишкана 28 миңден ашык адамды ысык суу менен, 525 турак үйдү, 56 билим берүү уюмун, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 19 башка бюджеттик мекемелерди, 95 коммерциялык ишканаларды жылуулук менен камсыздайт.


 Бишкек шаарынын мэриясы от жагуу мезгилине даярдыктарды көрдү жана төмөнкү буу казандарга реконструкция жүргүзүп, шаардагы үйлөрдү жана мекемелерди жылуулук менен камсыздоого даяр. Бүгүнкү күндө “КЕЧ-2”, “Ботсад”, «Гагарин», «Факел» буу казандары иштеп келет.