Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган жарманке өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 01.10.2016 15:55
Бүгүн, 1-октябрда Курманжан Датка аянтчасынын алдында Эл аралык карылар күнүнө арналган улгайган адамдар жасаган буюмдарга жарманке өткөрүлдү. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Карылар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте уюштурду.
Жарманке «Жүрөктөн жүрөккө» акциясынын алкагында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова улуу муундун өкүлдөрүн куттуктап, бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо каалады.
Жарманкеде жүндөн, кийизден жасалган буюмдар, улуттук сувенирлер, тамак-аштар сатылды.Мындан тышкары, жарманкенин алкагында шахматтык мелдеш өткөрүлүп, катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланды.
Аталган иш-чаранын максаты- улгайган адамдарга мамлекеттин жана коомдун көңүлүн бурдуруу, кошумча каражат табуу болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |