Бишкекте веложүрүш өткөрүлдү
Бишкекте 2-октябрда салтка айланган веложүрүш өткөрүлдү. Аталган веложүрүштү Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Ретро ФМ» радиостанциясы демилгеледи.
Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтынан башталып, Түштүк дарбазасындагы Дайыр Асанов атындагы паркында аяктады. Ал жерде катышуучулар үчүн ысык чай уюштурулду.
Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков, райондордун акимдери жана велоспорт сүйүүчүлөрү катышты.
Катышуучулардын коопсуздугун сактоо максатында Бишкек ШИИББ жол-патрулдук кызматынын кызматкерлери коштоп жүрдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |