ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу апалар, аталар!

Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн  куттуктайм!

Карысы бардын ырысы бар деген кыргызда акылман сөз бар. Сиздердин эмгегиӊиздер менен биз жакшы турмушта жашап жатабыз. Анткени, сиздердин калаабыздын  өнүгүшүнө, түптөлүшүнө  кошкон  салымыӊыздар зор. Бул үчүн сиздерге тереӊ ыраазычылык билдирем.

Урматтуу биздин апалар жана аталар!

Биз сиздерге чың ден-соолук, узак өмүр, кадырлуу карылык  каалайм. Сиздердин акыл, тажрыйбаңыздарга жаш муундар ар дайым муктаж. Сиздердин бар болушуңуздарды тилейм! Ар дайым төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер!

Урматоо менен,
Бишкек шаарынын мэри         А.Ибраимов